КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССР эл акыны. Жогорку идеялуу ж-а көркөмдүк жагынан баалуу чыгармаларды жараткан, кыргыз ж-а көп улуттуу элдин ад-тын өнүктүрүүгө ж-а байытууга көп эмгеги өткөн акындарга берилет. Наам Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1945-ж. 19-октябрдагы указы м-н белгиленген.