КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭЛ АКЫНЫ – ардак наам. 1991 -жылга чейин Кыргыз ССР эл акы­ны. Жогорку идеялуу жана көркөмдүк жагынан баалуу чыгармаларды жараткан, кыргыз жана көп улуттуу элдин адабиятын өнүктүрүүгө жана ба­йытууга көп эмгеги өткөн акындарга берилет. Наам Кыргыз ССР Жогорку Советинин Прези­диумунун 1945-жылдын 19-октябрдагы указы менен бел­гиленген.