КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ К. Б а я л и­н о в а т н. – респ. ири китепкана. Жаш өспүрүмдөрдү, жаштарды ж-а ата-энелерди ки­тепканалык-библиогр. жактан камсыз кылуу­чу мекеме. Китепкана КР Маданият ж-а туризм министрлигине карайт. 1958-ж. түзүлгөн Респ. балдар китепканасы ж-а 1976-ж. түзүлгөн Респ. жаштар китепканасы 1997-ж. бириктирилип, Республикалык балдар ж-а жаштар китепка­насына айланган. 1993-ж. К. Баялиновдун ысмы ыйгарылган. Китепканада 15 бөлүм иштейт: окурмандарды каттоо; күбөлүк берүү; ад-ттар­ды топтоо; окурмандарды маалымат б-ча тей-

леп, китептерди үйгө жазып берүү; маалымат­тык-ресурстук «Америка борбору»; маалымат­тык-библиогр. бөлүмү; карточкаларды картоте­кага жайгаштырып, электрондук каталог түзүү ж. б. кирет. «Искусство» бөлүмү – ноталык-муз. ад-ттарды топтоо, окурмандарга сунуштоо иш­терин жүргүзөт; муз. аспаптарда ойноого шарт түзүлгөн; Китепкана жыл сайын 240 аталыш­тагы гезит-журналдарды алат; «Өнүгүү үчүн маа­лымат борбору» бөлүмү эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу түзүлгөн. КРдин ж. б. мам­лекеттерден экономика, тарых, мад-т б-ча ад-ттарды топтойт; коомчулук м-н байланыш түзүү ж-а массалык иштер бөлүмү көрсөтмө ку­ралдарды түзүп жайылтат (о. эле китептердин

бет ачар аземдери, жазуучулар м-н жолугушуу­ларды, ар кандай маданий иштерди, мелдеш­терди ж. б. өткөрөт); «Жаңылык» бөлүмү – ки­тепканага жаңы түшкөн ад-ттар м-н иштеп, кыска мөөнөткө үйгө жазып берүү иштерин жүргүзөт. 800 орундуу 5 окуу, 250 орундуу лек­ция залы ж-а 3 млн томдон ашык китеп ж-а гезит-журнал сактоочу жайы бар. Китепканада 158 кызматкер эмгектенет (2012). Китеп фондунда 500 000 нускадагы китеп ж-а мезгилдүү басыл­малар бар. Окурмандардын саны 36 500гө жа­кын.

С. Ишенов.