КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН БАЛДАР ЖАНА ЖАШТАР КИТЕПКАНАСЫ -- К. Б а я л ин о в атындагы ири китепкана. Жаш өспүрүмдөрдү, жаштарды жана ата-энелерди китепканалык-библиографиялык жактан камсыз кылуучу мекеме. Китепкана КР Маданият жана туризм
министрлигине карайт. 1958-жылы түзүлгөн Республикалык балдар китепканасы жана 1976-жылы түзүлгөн Республикалык жаштар китепканасы 1997-жылы бириктирилип, Республикалык балдар жана жаштар китепканасына айланган. 1993-жылы К. Баялиновдун ысмы ыйгарылган. Китепканада 15 бөлүм иштейт: окурмандарды каттоо; күбөлүк берүү; адабияттарды топтоо; окурмандарды маалымат боюнча тейлеп, китептерди үйгө жазып берүү; маалыматтык-ресурстук «Америка борбору»; маалыматтык-библиографиялык бөлүмү; карточкаларды картотекага жайгаштырып, электрондук каталог түзүү ж. б. кирет. «Искусство» бөлүмү – ноталык-музыкалык адабияттарды топтоо, окурмандарга сунуштоо иштерин жүргүзөт; музыкалык аспаптарда ойноого шарт түзүлгөн; Китепкана жыл сайын 240 аталыштагы гезит-журналдарды алат; «Өнүгүү үчүн маалымат борбору» бөлүмү эл аралык уюмдардын жардамы аркылуу түзүлгөн. КРдин ж. б. мамлекеттерден экономика, тарых, маданият боюнча адабияттарды топтойт; коомчулук менен байланыш түзүү жана массалык иштер бөлүмү көрсөтмө куралдарды түзүп жайылтат (ошондой эле китептердин

бет ачар аземдерин, жазуучулар менен жолугушууларды, ар кандай маданий иштерди, мелдештерди ж. б. өткөрөт); «Жаңылык» бөлүмү – китепканага жаңы түшкөн адабияттар менен иштеп, кыска мөөнөткө үйгө жазып берүү иштерин жүргүзөт. 800 орундуу 5 окуу, 250 орундуу лекция залы жана 3 млн томдон ашык китеп жана гезит-журнал сактоочу жайы бар. Китепканада 158 кызматкер эмгектенет (2012). Китеп фондунда 500 000 нускадагы китеп жана мезгилдүү басылмалар бар. Окурмандардын саны 36 500гө жакын.
С. Ишенов.