КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:07, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ М. К ү р ө ң к ө е в а т н. – респ-дагы орто билим берүүчү муз. окуу жайы. 1939-жыл­дын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу ко­миссариатынын муз.-хореогр. окуу жайын ачуу ж-дө токтому м-н уюшулган. 1945-ж. Муратаа­лы Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачыл­ган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-ж. 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык муз. мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кан­дуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар муз. мектептерин бүтүргөндөр ж-а музыкага жөн­дөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык би­лим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектеп­ти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-ж. кыр­гыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачыл­ган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, му­зыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кыл­дуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстра­далык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспап­тары. Хореогр. бөлүмү 1980-ж. атайын окуу жа­йы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күн­дүзгү ж-а сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаа­лы Күрөңкөев атн. стипендия белгиленген. Ди­ректорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Ко­ханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Аса­кеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мурата­лиев.