КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МУЗЫКАЛЫК ОКУУ ЖАЙЫ М. К ү р ө ң к ө е в а т ы н д а. – республикадагы орто билим берүүчү музыкалык окуу жайы. 1939-жыл­дын 23-октябрында Кыргыз ССР эл агартуу ко­миссариатынын музыкалык-хореографиялык окуу жайын ачуу жөнүндө токтому менен уюшулган. 1945-жылы Муратаа­лы Күрөңкөевдин ысмы берилген. Алгач ачыл­ган вокал, оркестр, фортепьяно бөлүмдөрүндө окуу 1940-жылы 5-февралында башталып, 26 бала кабыл алынып, окуу жайынын алдында жети жылдык музыкалык мектеп ачылган. 1940-жылдын 1-сентябрынан тартып окуу жайы толук кан­дуу иштей баштаган. Ага негизинен балдар музыкалык мектептерин бүтүргөндөр жана музыкага жөн­дөмдүү, жалпыга милдеттүү сегиз жылдык би­лим алгандар, вокалдык бөлүмүнө орто мектеп­ти бүтүргөндөр кабыл алынган. 1943-жылы кыр­гыз эл аспаптары, хореография бөлүмдөрү ачыл­ган. Окуу жайда 9 бөлүм бар: фортепьяно, му­зыка теориясы, оркестрдик (үйлөмө, урма, кыл­дуу аспаптар), вокалдык, хор дирижёру, эстра­далык, кыргыз эл аспаптары, орус эл аспап­тары. Хореография бөлүмү 1980-жылы атайын окуу жа­йы катары өзүнчө бөлүнгөн). Окуу жайдын күн­дүзгү жана сырттан окуу бөлүмдөрү бар. Муратаа­лы Күрөңкөев атындагы стипендия белгиленген. Ди­ректорлору: Ф. Поляков, А. Малдыбаев, А. Ко­ханов, Г. Коган, И. Рябов, А. Керимбаев, А. Аса­кеев, Ж. Момункулов, 1986-жылдан Т. Мурата­лиев иштеген.