КЫРК МУУН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРК МУУН (Equisetum) – өсүмдүктөрдүн кырк муундар тукумунун уруусу. Муунакталма тамы­рынан кремнезёмдуу, катуу сабак өсөт, ал муу­нактап бутактайт, ар муунагында начар өөр­чүгөн жалбырагы жайгашат. Сабагы өтө катуу.
К. м-дун 30дай түрү Австралия ж-а Жаңы Зе­ландиядан башка бардык жерде таралган. КМШ өлкөлөрүндө 17 түрү, Кырг-нда 3 түрү шагыл­дуу, саздуу, токой көлөкөлөрүндө кезигет. Ка­мыш сымал ж-а ала К. м. бугу ж. б. айбанат­тарга жакшы тоют. Токой К. м-у кереңкур, чил, каракур сыяктуу куштарга азык болот. Кыш­кы К. м. жыгач буюмду жылмалоодо колдону­лат. Талаа К. м-у – отоо чөп, таштак ж-а чопо­луу, кумдак жерде өсөт. Саз К. м-у – мал үчүн уулуу.