КЫРК МУУН
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРК МУУН (Equisetum) – өсүмдүктөрдүн кырк муундар тукумунун уруусу. Муунакталма тамырынан кремнезёмдуу, катуу сабак өсөт, ал муунактап бутактайт, ар муунагында начар өөрчүгөн жалбырагы жайгашат. Сабагы өтө катуу.Кырк муундун 30дай түрү Австралия ж-а Жаңы Зеландиядан башка бардык жерде таралган. КМШ олколрундо 17түрү, Кыргызстанда 3 түрү шагылдуу, саздуу, токой көлөкөлөрүндө кезигет. Камыш сымал ж-а ала кырк муун бугу ж. б. айбанаттарга жакшы тоют. Токой кырк мууну кереңкур, чил, каракур сыяктуу куштарга азык болот. Кышкы кырк муун жыгач буюмду жылмалоодо колдонулат. Талаа кырк мууну – отоо чөп, таштак ж-а чополуу, кумдак жерде өсөт. Саз кырк мууну – мал үчүн уулуу.