КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ – ардак наам. 1991-ж. чейин Кыргыз ССРинин эмг. сиң. архитектору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1970-жылдын 30-ноябрындагы указы м-н белгиленген. 1991-жылдан КР Президентинин жарлыгы м-н берилет. Ал шаарларды куруудагы, азыркы кездеги жарандык, ө. ж-лык ж-а айыл арх-расында кеңири таанымал комплекстерди, курулуштарды ж-а имараттарды курууда өтө көрүнүктүү чыг-лык ийгиликтерге ээ болуп, арх-раны өнүктүрүүдө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жогорку атайын билими бар, арх-ралык уюмдарда кеминде 15 жыл иштеген архлорго берилет.