КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЭМГЕК CИҢИРГЕН АРХИТЕКТОРУ – ардак наам. 1991-жылга чейин Кыргыз ССРинин эмгек сиңирген архитектору. Кыргыз ССР Жогорку Советинин Президиумунун 1970-жылдын 30-оябрындагы жарлыгы менен белгиленген. 1991-жылдан Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыгы менен берилет. Ал шаарларды куруудагы, азыркы кездеги жарандык, өнөр жайлык жана айыл архитектурасында кеңири таанымал комплекстерди, курулуштарды жана имараттарды курууда өтө көрүнүктүү чыгармачылык ийгиликтерге ээ болуп, архитектураны өнүктүрүүдө сиңирген өзгөчө эмгеги үчүн жогорку атайын билими бар, архитектуралык уюмдарда кеминде 15 жыл иштеген архитекторлорго берилет.