КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ – саламаттык сактоо системасындагы мамл. ЖОЖ. КРдин Саламат­тык сактоо министрлигинин карамагында. Врач, фельдшер, медсестра ж. б-дын, өлкөбүздөн ж-а чет мамлекеттен мед. ЖОЖду аяктагандардын жергиликтүү ж-а чет элдик врачтардын адисти­гин жогорулатат ж-а кайра даярдайт, о. эле док­торантура, аспирантура, клиникалык ордина­турага кабыл алат. Бул окуу жайы 1992-ж. КММИнин врачтардын билимин өркүндөтүү ф-тинин ж-а Респ-лык орто билимдүү мед. фар­мацевттердин билимин жогорулатуучу окуу жайдын базасында уюштурулган. Ин-тта жыл сайын 5000ден ашык врачтар ж-а медсестралар адистиктерин жогорулатат. Ин-тта КР УИАнын корр. мүчөлөрү, эмг. сиң. врачтар, көптөгөн про­фессорлор, илимд. докторлору ж-а кандидатта­ры эмгектенишет. Окуу жайда врачтардын ж-а медсестра иши б-ча адистердин билимин өр­күндөтүүчү фак-т; үй-бүлөлүк мед. окуу борбору ж-а үй-бүлөлүк медсестра иши борбору иштейт. Бардык обл-тарда үй-бүлөлүк мед. окуу борбо­рунун 7 бөлүмү бар. Андан сырткары, Ошто «Ме­дициналык билим берүүнүн дипломдон кийин­ки борбору» – бөлүмү иштейт.