КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ – саламаттык сактоо системасындагы мамлекеттик ЖОЖ. КРдин Саламат­тык сактоо министрлигинин карамагында. Врач, фельдшер, медсестра жана башкалардын, өлкөбүздөн ж-а чет мамлекеттен медициналык ЖОЖду аяктагандардын жергиликтүү ж-а чет элдик врачтардын адисти­гин жогорулатат ж-а кайра даярдайт, ошондой эле док­торантура, аспирантура, клиникалык ордина­турага кабыл алат. Бул окуу жайы 1992-ж. КММИнин врачтардын билимин өркүндөтүү факультетинин ж-а Респ-лык орто билимдүү медициналык фар­мацевттердин билимин жогорулатуучу окуу жайдын базасында уюштурулган. Институтта жыл сайын 5000ден ашык врачтар ж-а медсестралар адистиктерин жогорулатат. Институтта КР УИАнын корреспендент мүчөлөрү, эмггек сиңирген врачтар, көптөгөн про­фессорлор, илимдердин докторлору ж-а кандидатта­ры эмгектенишет. Окуу жайда врачтардын ж-а медсестра иши б-ча адистердин билимин өр­күндөтүүчү факультет; үй-бүлөлүк медицина окуу борбору ж-а үй-бүлөлүк медсестра иши борбору иштейт. Бардык облустарда үй-бүлөлүк медицина окуу борбо­рунун 7 бөлүмү бар. Андан сырткары, Ошто «Ме­дициналык билим берүүнүн дипломдон кийин­ки борбору» – бөлүмү иштейт.