КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ
КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК МЕДИЦИНАЛЫК КАЙРА ДАЯРДОО ЖАНА АДИСТИКТИ ЖОГОРУЛАТУУ ИНСТИТУТУ – саламаттык сактоо системасындагы мамл. ЖОЖ. КРдин Саламаттык сактоо министрлигинин карамагында. Врач, фельдшер, медсестра ж. б-дын, өлкөбүздөн ж-а чет мамлекеттен мед. ЖОЖду аяктагандардын жергиликтүү ж-а чет элдик врачтардын адистигин жогорулатат ж-а кайра даярдайт, о. эле докторантура, аспирантура, клиникалык ординатурага кабыл алат. Бул окуу жайы 1992-ж. КММИнин врачтардын билимин өркүндөтүү ф-тинин ж-а Респ-лык орто билимдүү мед. фармацевттердин билимин жогорулатуучу окуу жайдын базасында уюштурулган. Ин-тта жыл сайын 5000ден ашык врачтар ж-а медсестралар адистиктерин жогорулатат. Ин-тта КР УИАнын корр. мүчөлөрү, эмг. сиң. врачтар, көптөгөн профессорлор, илимд. докторлору ж-а кандидаттары эмгектенишет. Окуу жайда врачтардын ж-а медсестра иши б-ча адистердин билимин өркүндөтүүчү фак-т; үй-бүлөлүк мед. окуу борбору ж-а үй-бүлөлүк медсестра иши борбору иштейт. Бардык обл-тарда үй-бүлөлүк мед. окуу борборунун 7 бөлүмү бар. Андан сырткары, Ошто «Медициналык билим берүүнүн дипломдон кийинки борбору» – бөлүмү иштейт.