КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
18:06, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ М. Ж а н г а з и е в а т н. – респ-дагы профес­сионал театр. 1938-ж. Фрунзеде уюштурулган. Туңгуч уюштуруучусу ж-а көркөм жетекчиси – М. Волкова (1939–45). Адегенде орус труппасы– 1948-ж. кыргыз труппасы түзүлгөн. Алгачкы спектаклдери эл жомокторунун негизинде ко­юлган: «Түлкү сиңдим» (иштеп чыккан Войде­нова)– «Чет өлкөлүк Петрушка» (C. Маршак)– «Зарлык менен Дөө» (О. Cарбагышев)– «Талас­тык мерген» (К. Эшмамбетов– В. Швембергер) ж. б. 1945-ж. реж. В. Швембергер антифаш. мазмундагы өзүнүн «Жээктеги бороон»– «Парти­зан токоюнун жомоктору»– «Кичинекей парти­зандын энеси» ж. б. спектаклдерин койгон. Кыргыз труппасында «Баатыр бала» (А. Алда­шев)– «Туткун Каныш» (А. Көбөгөнов– Н. Мед­ведкина)– «Куйручуктун күлкүсү» (К. Бектенов)– «Жоронун жоруктары» (М. Тойбаев) ж. б. ко­юлган. Театр Ташкентте өткөн О. Азия респ­лары м-н Казакстан фестивалынын (1975) лау­реаты ж-а Бүткүл союздук куурчак театрлары­нын Москвада өткөн 12-фестивалынын (1976) дипломанты. Өз спектаклдери м-н балдар ара­сында тарбиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 2008-ж. ж-а 2009-ж. Респ-нын мыкты театры деген наамга ээ болгон. Директорлору: Т. Эрем­жанов (1945–49), Козубеков (1950–53), Н. Про­скурин (1953–57), С. Зорина (1958–67), Е. Моро­зова (1967–74), К. Саскеев (1975–77), Б. Караса­ев (1977–81), К. Алиев (1981–2006), И. Өмүра­лиев (2006–07), О. Айдаров (2007), 2007-жыл­дан Т. Сманбеков.