КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КЫРГЫЗ МАМЛЕКЕТТИК КУУРЧАК ТЕАТРЫ М. Ж а н г а з и е в а т ы н д а – республикадагы адистештирилген театр. 1938-жылы Фрунзеде уюштурулган. Туңгуч уюштуруучусу жана көркөм жетекчиси – М. Волкова (1939–1945). Адегенде орус труппасы, 1948-жылы кыргыз труппасы түзүлгөн. Алгачкы спектаклдери эл жомокторунун негизинде ко­юлган: «Түлкү сиңдим» (иштеп чыккан Войде­нова), «Чет өлкөлүк Петрушка» (C. Маршак), «Зарлык менен Дөө» (О. Cарбагышев), «Талас­тык мерген» (К. Эшмамбетов, В. Швембергер) жана башкалар. 1945-жылы режиссёр В. Швембергер антифашисттик мазмундагы өзүнүн «Жээктеги бороон», «Парти­зан токоюнун жомоктору», «Кичинекей парти­зандын энеси» жана башка спектаклдерин койгон. Кыргыз труппасында «Баатыр бала» (А. Алда­шев), «Туткун Каныш» (А. Көбөгөнов, Н. Мед­ведкина), «Куйручуктун күлкүсү» (К. Бектенов), «Жоронун жоруктары» (М. Тойбаев) жана башкалар ко­юлган. Театр Ташкентте өткөн Орто Азия республика­лары менен Казакстан фестивалынын (1975) лау­реаты жана Бүткүл союздук куурчак театрлары­нын Москвада өткөн 12-фестивалынын (1976) дипломанты. Өз спектаклдери менен балдар ара­сында тарбиялык иштерди жүргүзгөндүгү үчүн 2008-жылы жана 2009-жылы Республиканын мыкты театры деген наамга ээ болгон. Директорлору: Т. Эрем­жанов (1945–1949), Козубеков (1950–1953), Н. Проскурин (1953–1957), С. Зорина (1958–1967), Е. Моро­зова (1967–1974), К. Саскеев (1975–1977), Б. Караса­ев (1977–1981), К. Алиев (1981–2006), И. Өмүра­лиев (2006–2007), О. Айдаров (2007), 2007-жыл­дан Т. Сманбеков иштеген.