КӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨР , м ү р з ө, к а б ы р – маркум коюлчу жай.
Маркум алгач полеолит доорунда коюла баш­таган. Бирок ал кезде маркумдар атайын көрүс­төнгө эмес, өзүлөрү турган жерге эле көмүлгөн. Кадимки К-гө коюу мезолит доорунда пайда болуп, маркум м-н бирге кийими, курал-жара­гы, идиштери, тиричилик ж-а асем буюмдары, союлган мал кошо коюлган. Патриархат доору­нун өнүгүшүнөн улам өлгөн эркекти өлтүрүлгөн аялы м-н кошо коюу, таптык доордун тушунда өлгөн уруу башчыларын же падышаларды өлтүрүлгөн кулдары ж-а күңдөрү м-н кошо көм­гөн учурлар да кездешкен. Маркумду коюуда ар бир элдин өз салты болгон. Айрымдары аны табыты м-н койсо, кээ бирөөлөрү өрттөп, күлүн

гана койгон. Ар түрдүү урууда, элде маркум коюлган жайдын түрү, ички түзүлүшү да ар кан­дай доордо ар башка болгон. Кырг-н аймагында коло доорунан калган мүрзөлөрдө көп уруулар маркумду тегерек аңга же таштан жасалган үкөккө күлүн же сөөгүн салып, үстүн таш м-н кынап бекитсе, темир доорунун башталышын­да маркумду өтө кадырлап, чоң дөбөлөрдүн ас­тына коюшкан. Айрым дөбөлөрдүн диаметри 100–120 м, бийикт. 8–10 м болгон. Алар ж е л е д ө б ө деп аталат. О. эле б. з. башында каза­нактуу К-лөр (Кетмен-Төбө, Баткен, Чаткал, Алай, Кызарт ж. б.) кеңири таралган. Андай айрым К-лөрдө 1000–1500 дөбө-мүрзө бар. О. кы­лымдагы мүрзөлөрдүн үстүнөн калмак таш, бал­бал эстеликтерди, таштан тургузулган зор дөбө­лөрдү жолуктурууга болот. Байыркы К-лөрдү изилдөөдөн диний ишеним тууралуу көп мате­риал алынат. Антикалык дүйнөдө К. некрополь деп аталган.