КӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨР , м ү р з ө, к а б ы р – маркум коюлчу жай.
Маркум алгач полеолит доорунда коюла баш­таган. Бирок ал кезде маркумдар атайын көрүс­төнгө эмес, өзүлөрү турган жерге эле көмүлгөн. Кадимки көргө коюу мезолит доорунда пайда болуп, маркум менен бирге кийими, курал-жара­гы, идиштери, тиричилик жана асем буюмдары, союлган мал кошо коюлган. Патриархат доору­нун өнүгүшүнөн улам өлгөн эркекти өлтүрүлгөн аялы менен кошо коюу, таптык доордун тушунда өлгөн уруу башчыларын же падышаларды өлтүрүлгөн кулдары жана күңдөрү менен кошо көм­гөн учурлар да кездешкен. Маркумду коюуда ар бир элдин өз салты болгон. Айрымдары аны табыты менен койсо, кээ бирөөлөрү өрттөп, күлүн гана койгон. Ар түрдүү урууда, элде маркум коюлган жайдын түрү, ички түзүлүшү да ар кан­дай доордо ар башка болгон. Кыргызстан аймагында коло доорунан калган мүрзөлөрдө көп уруулар маркумду тегерек аңга же таштан жасалган үкөккө күлүн же сөөгүн салып, үстүн таш менен кынап бекитсе, темир доорунун башталышын­да маркумду өтө кадырлап, чоң дөбөлөрдүн ас­тына коюшкан. Айрым дөбөлөрдүн диаметри 100–120 м, бийиктиги 8–10 м болгон. Алар ж е л е д ө б ө деп аталат. Ошондой эле биздин замандын башында каза­нактуу көрлөр (Кетмен-Төбө, Баткен, Чаткал, Алай, Кызарт жана башкалар) кеңири таралган. Андай айрым көрлөрдө 1000–1500 дөбө мүрзө бар. Орто кы­лымдагы мүрзөлөрдүн үстүнөн калмак таш, бал­бал эстеликтерди, таштан тургузулган зор дөбө­лөрдү жолуктурууга болот. Байыркы көрлөрдү изилдөөдөн диний ишеним тууралуу көп мате­риал алынат. Антикалык дүйнөдө көр некрополь деп аталган.