КӨӨРҮК
КӨӨРҮК - устакана очогундагы отту (көмүрдү) күйгүзүп туруучу аспап; аба үйлөөчү аспаптардын эң эскиси. К. байыркы замандарда металл

эритүү үчүн пайдаланылып, кол м-н кыймылга келтирилген; о. кылымда кол (дене) ж-а унаа күчү кыймылга келтирүүчү механизмдер, кийинчерээк суу кыймылдаткычтары м-н иштеген. Металлургиянын дүркүрөп өнүгүшүнө байланыштуу К-төрдү электр К-төр ж-а аба үйлөтүүчү машиналар сүрүп чыгарган. Кыргыз урунган К. кол м-н кыймылга келтирилип, кол же ала К. деп аталган. Кол К. туюк союлган (же кураштыра тигилген) эки териден, ичи көңдөйлөнгөн ача жыгачтан, түтүк темирден турган; териси эчки, кой, кийик же кулундун туюк союлуп, ийленген терилеринин жүнү сыртына каратылып жасалган; терилердин кенен (түп) жагынын эки бетине жарыш ооз жыгачтар (тактайчалар) кадалып, аларга манжа бүлдүргө ж-а бармак бүлдүргө тагылган; кууш (моюн) жактары көңдөй ача жыгачтын эки ачасы м-н тике же кыйыр (темир түтүктөр аркылуу) бириктирилген. Эки ачанын көңдөйү кошулган жердеги тешиктерге ачылып-жабылма капкакча (кайыш, шири же булгаары) коюлган. Ача жыгачтын кошулушунан пайда болгон чоң көңдөйдүн көзөнөгүнө темир түтүк ашталып, анын бир учу очок кыштын (чопо түтүктүн) тешиги м-н туташтырылган. К-тү басканда терилердин түп жагындагы жарыш тактайчалар кыска кармалып, өйдө тартканда бир аз ачылып, теринин көңдөйү абага толуп чыккан; толгон аба түтүктөр аркылуу очокко кирген. 19-к-дын 2- жарымынан келгин орустардын таасири м-н кыргыз арасына асма (орус) К. жайыла баштаган. Асма К-түн кол К-төн айырмасы: бир эле «териден» (мехтен) турат; анысы кайыштан (булгаарыдан) жасалып, эки четинен ж-а ортосунан жарыш тактайлар м-н бекитилген. Эки четиндеги тактайлары «<тери» м-н кошо кыймылдай берет, ал эми «терини» экиге бөлүп турган ортоңкусу бир учу дубалга кадалган бойдон кыймылдабай турат. Асма К-түн кууш (ооз) жагы түтүктөр аркылуу очок м-н туташтырылат, кен ен (түп) ж аг ы б ол с о кыяк (г ар мон ь) м ехи с ыя ктуу бүктөлүп-жазылып тургудай болуп кайыштан жасалат. Асма К. зым (же жип) аркылуу шыпка асылып, кол м-н кыймылга келтирилет. "Учурда кол IC. да, асма IC. да сейрек учурап, жөнөкөй устакана очокторунда гана колдонулат.