КӨӨКӨР
КӨӨКӨР - ышталган териден жасалган оозу кичине, моюндуу идиш. Аны төөнун же уйдун терисинин калың жеринен (эки капталынан) алешем кылып кургатып бычышат. Шар сууга казык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп, ороп койсо жуну тез эле жыдыйт. Төөнун териси курөк м-н челденгенден кийин шибеге же темене м-н тигилет. К-гө кумдуу топуракты шыкайт. Идиштин ийини, мойну, булуң-бурчу атайын ийри шиш аркылуу көркунө келтирилет. Шыкалган топурак тоборсугандан кийин оюм-чийим тушурулөт. Кээде К- дун булуң-бурчуна, моюнуна кумуш, жез чегилет.

Ага түшкөн
шөкөттөрдүн формасы ар кандай.
К-дүн кепкегине
алтын-күмүш чөгөрүлүп, жезден
чагарак салынган. К. ар кандай
көлөмдө ж-а формада жасалган.
К-гө кымыз, айран, чалап ж. б.
куюлган. К-дүн
заманбап түрү
өнөрканаларда
сувенир буюм катары жасалат.
Ад.: Антипина К. И. Особенности материальной
культуры и прикладного искусства южных киргизов.
Ф., 1962.