КӨӨКӨР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨӨКӨР - ышталган териден жасалган оозу кичине, моюндуу идиш. Аны төөнун же уйдун терисинин калың жеринен (эки капталынан) але­шем кылып кургатып бычышат. Шар сууга ка­зык аркылуу байланган чылгый терини улпак салып же жарма куюп, ороп койсо жуну тез эле жыдыйт. Төөнун териси курөк менен челденгенден кийин шибеге же темене менен тигилет. Көөкөргө кум­дуу топуракты шыкайт. Идиштин ийини, мой­ну, булуң-бурчу атайын ийри шиш аркылуу көркунө келтирилет. Шыкалган топурак тобор­сугандан кийин оюм-чийим тушурулөт. Кээде көөкөрдун булуң-бурчуна, моюнуна кумуш, жез чеги­лет.

Ага түшкөн шөкөттөрдүн фор­масы ар кандай.
Көөкөрдүн кепкегине алтын-күмүш чө­гөрүлүп, жезден чагарак салын­ган. Көөкөр ар кандай көлөмдө жана фор­мада жасалган. Көөкөргө кымыз, ай­ран, чалап жана башкалар куюлган. Көөкөрдүн заманбап түрү өнөрканаларда сувенир буюм ка­тары жасалат.


Ад.: Антипина К. И. Особенности материальной культуры и прикладного искусства южных киргизов.
Ф., 1962.