КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ - Аму-Дарыянын жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-Алай кыр­ка тоо этектерин камтыган аймак. 16-к-да кыр­гыздар Алай ж-а Каратегинди ээлеп, 17-к-дын 1-жарымында калмактардын кысымына байла­ныштуу (к. Кыргыз-калмак согуштары, Махмуд ибн-Вали) батышка Ысар-Көлөптү карай жы­лып, К. (К.) в. м-н чектешип калган. Натый­жада кыргыздар м-н коңшулаш К. (К.) в. ж-а Бухара хандыгынын ортосунда чек ара б-ча ай­рым келишпес мамилелер жаралган. 17-к-дын 20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин жеткен. 17-к-дын аягында да калмак кысымы­нан улам кыргыздардын басымдуу бөлүгү Ку­ляб аймагына көчүп кетишкен. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18-к-да Бухара хандыгын караган бир вилайети да К. (К.) в. деп аталган.

Т.Асанов.