КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛӨП (КУЛЯБ) ВИЛАЙЕТИ - Аму-Дарыянын жогорку агымындагы Ысар (Гиссар)-Алай кыр­ка тоо этектерин камтыган аймак. 16-кылымда кыр­гыздар Алай жана Каратегинди ээлеп, 17-кылымдын 1-жарымында калмактардын кысымына байла­ныштуу (кара: Кыргыз-калмак согуштары, Махмуд ибн-Вали) батышка Ысар-Көлөптү карай жы­лып, Көлөп (Куляб) вилайети менен чектешип калган. Натый­жада кыргыздар мененн коңшулаш Көлөп (Куляб) вилайети жана Бухара хандыгынын ортосунда чек ара боюнча ай­рым келишпес мамилелер жаралган. 17-кылымдын 20-жылдарынын аягында Балхтын бийлөөчусу Аштарханид Надир-Мухаммед Абд ар-Рахман аталык кыргыздарга кол салып, Алайга чейин жеткен. 17-кылымдын аягында да калмак кысымы­нан улам кыргыздардын басымдуу бөлүгү Ку­ляб аймагына көчүп кетишкен. Бул тууралуу калк арасында «Казак кайың саап, кыргыз Ысар-Көлөпкө кирди» деген сөз калган. 18-кылымда Бухара хандыгын караган бир вилайети да Көлөп (Куляб) вилайети деп аталган.

Т.Асанов.