КӨЛМӨЛӨРДҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК ЗОНАЛУУЛУГУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЛМӨЛӨРДҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК ЗОНАЛУУЛУГУ — суу көлмөлөрүндө ар кандай организм­дердин ж-а алардын коомдоштуктарынын та­ралуусунун түрдүү тилкелеринин болушу. Ал организмдердин жашоо шартынын көлмөнүн үстүнкү бетинен тереңдикке ж-а жээктен орто­суна карай алмашуусунан келип чыгат. Мында сырткы чөйрөнүн ар кандай факторлорунун (темп-ра, жарык, гидростатикалык басым, көл таманынын рельефи, жээктен алыстыгы, тро­фикалык шарттар ж. б.) өзгөрүшү негизги маа­ниге ээ.