КӨЛМӨЛӨРДҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК ЗОНАЛУУЛУГУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨЛМӨЛӨРДҮН ЭКОЛОГИЯЛЫК ЗОНАЛУУЛУГУ — суу көлмөлөрүндө ар кандай организмдердин ж-а алардын коомдоштуктарынын таралуусунун түрдүү тилкелеринин болушу. Ал организмдердин жашоо шартынын көлмөнүн үстүнкү бетинен тереңдикке ж-а жээктен ортосуна карай алмашуусунан келип чыгат. Мында сырткы чөйрөнүн ар кандай факторлорунун (темп-ра, жарык, гидростатикалык басым, көл таманынын рельефи, жээктен алыстыгы, трофикалык шарттар ж. б.) өзгөрүшү негизги мааниге ээ.