КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – 1–6-к-га таандык ар­хеол. эстелик. Жумгал районунун аймагында, Коч­кор – Чаек автомобиль жолунан 25–30 км ара­лыкта, Кара-Кече көмүр разрезине кеткен жол­дун боюнда жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай багытталган эки таш дөбө-мүрзөдөн ту­рат. Бийикт. 0,25–0,9 м, диаметри 7–12 м. Ба­йыркы убакта эле айрым мүрзөлөрдү ачып, ан­дагы буюм-тайымдарды алып кетишкени бай­калат. 1985-ж. археолог М. И. Москалёв баян­дап жазган. Казып изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.