КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-ТАШ КӨРҮСТӨНҮ – I–VI кылымдарга таандык археологиялык эстелик. Жумгал районунун аймагында, Кочкор – Чаек автомобиль жолунан 25–30 км аралыкта, Кара-Кече көмүр разрезине кеткен жолдун боюнда жайгашкан. Түндүктөн түштүктү карай багытталган эки таш дөбө-мүрзөдөн турат. Бийиктиги 0,25–0,9 м, диаметри 7–12 м. Байыркы убакта эле айрым мүрзөлөрдү ачып, андагы буюм-тайымдарды алып кетишкени байкалат. 1985-жылы археолог М. И. Москалёв баяндап жазган. Казып изилдөө иштери жүргүзүлгөн эмес.