КӨК-БЕЛЕС МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨК-БЕЛЕС МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоо­сунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол куй­масы – Калай-Махмуддун алабында. Уз. 5,6 км, аянты 3,2 км2, абляциясынын аянты 1,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5080 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгүдөн Калаймахмуд суусунун сол куймасы башталат.