КӨК-БЕЛЕС МӨҢГҮСҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КӨК-БЕЛЕС МӨҢГҮСҮ – Түркстан кырка тоосунун чыгыш бөлүгүнүн түн. капталындагы өрөөн тибиндеги мөңгү. Сох суусунун сол куймасы – Калай-Махмуддун алабында. Уз. 5,6 км, аянты 3,2 км2, абляциясынын аянты 1,5 км2. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5080 м, этеги 3120 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Мөңгүдөн Калаймахмуд суусунун сол куймасы башталат.