КӨЙНӨК

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙНӨК – күрмө, кемсел сыяктуу сырт ки­йимдердин ичинен кийилүүчү жалаңкат кийим. К. байыркы замандарда адам денесин ысык­сууктан коргоо максатында пайда болуп, бара­бара гигиеналык ж-а эстетикалык мааниге ээ болгон. Адамдын жашы ж-а коомдук дөөлөтү өзгөргөн сайын кийинүү каадасы да жаңыла­нып, жакшырып, татаалдаша баштаган. Илге­ри кыргызда эркектики да, аялдыкы да, бала­ныкы да жалпы жонунан К. деп аталып, көчмөн турмуш шартына ылайык кең тигилген ж-а көбүнчө жылаңач этке эле кийилген. Э р к е к К-түн кеңири таралган түрү ачык К. же жегде деп аталган. Ал бөздөн, матадан өңүрү, учасы, жеңи м-н кошо кенен бычылып, капталдарына кыйык салынган. Түштүктө жашагандар ачык, түндүктөгүлөр кайырма жакалуу К-төрдү ки­йишкен. Узундугу тизеден төмөнүрөөк келип, жеңи манжаларга жеткен. Жакасы эшилген боолор, топчулар м-н бүчүлөнгөн. К-түн этегин шымга салбастан, жай коюп, белбоо курчаныш­кан. А я л К. кенен, этеги узун тигилип, кап­талына кыйык салынып, жеңдери ийинге тик бириктирилген. Жакалары эки түрдө бычылган. Эң эски К-төрдүн жакасы ийинден ийинге че­йин узатасынан бычылганы туура жака К. дел­ген. Ал эки ийинден шоона же топчу м-н бү­чүлөнгөн. Жаканын бул байыркы түрү балдар­дын кийимдеринде сакталып калган. К-түн экин­чи түрүнүн жакасы узатасынан ж-а көкүрөктөн ылдый бычылып, узун жакалуу К. деп аталып, Кырг-ндын бардык аймактарында кеңири тара­ган. Анын көкүрөгүнөн сайма м-н өңүр чыга­рышкан. 19-к-дын аягында көкүрөктөн ылдый бычылган тик жакалуу, топчу м-н бүчүлөнгөн, этегине бир же эки кош этек салынган К-түн пайда болушу м-н өңүр биротоло жоюлган. Ки­йинчерээк, Кырг-ндын түн. тарабында көкүрөк жагы м-н этек жагы эки бөлөк бычылып, бели, жеңинин учу, этеги (эки-үч ирет) бүйрүлүп ти­гилген К. кийиле баштаган. 20-к-дын башынан ийни кыйгач бычылып, жакасы кайырма, эте­ги кыска, көкүрөгү бүйүрмөлөнүп, жеңи ийнине ашталып тигилген К-төр тарала баштаган. Кыз­келиндерге кызыл-тазыл, улгайгандарга күңүрт же ак түстүү мүнөздүү болгон. Улгайган аялдар­дын эскиче бычылып тигилген К-төрү айыл­кыштакта азыр деле кийилет. Азыр көбүнчө дүйнөлүк модага багытталган заманбап форма­дагы көйнөктөрдү кийишет.