КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу бу­тактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кыр­ка тоосуна Кайыңды кырка тоосу тутумдашкан жерде, Теректи өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 12,9 км. Альпинист мөңгүсүнөн жогорку бөлүгү 1,6 км, туурасы 1,0 км, Аянты 13,4 км2. Калыңдыгы 150–180 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5890 м, этеги 3380 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Абляциясынын аян­ты 4,8 км2. Куралуу аймагы түштүгүнөн Боз- Кыр, чыгышынан Эңилчек, түндүгүнөн Кайың­ды кырка тоолору м-н курчалат. Фирн бассей­ни кенен төрдө жайгашкан. Кайкы аркылуу Ком­сомол мөңгүсү м-н туташат. Мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө жаракалар көп. Сол капталдан жүргөн кар көчкүлөр жаракаларды жаап турат. Мөңгүнү алгач 1902- ж-а 1903-ж. немис географы Г. Мерц­бахер картага түшүргөн. Этеги шагыл таштар м-н корумдалган (1,5 км2дей жери). Мөңгүдөн Теректи суусу башталат. Мөңгү тартылууда. Мез­гили м-н алдыга жылып кетүүчү мөңгүлөргө кирет.