КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ
КӨЙКАП МӨҢГҮСҮ – Борб. Теңир-Тоодогу бутактанган өрөөн тибиндеги мөңгү. Какшаал кырка тоосуна Кайыңды кырка тоосу тутумдашкан жерде, Теректи өрөөнүнүн төрүндө жайгашкан. Уз. 12,9 км. Альпинист мөңгүсүнөн жогорку бөлүгү 1,6 км, туурасы 1,0 км, Аянты 13,4 км2. Калыңдыгы 150–180 м. Мөңгүнүн башы деңиз деңг. 5890 м, этеги 3380 м бийикте жатат. Кар чегинин бийикт. 4100 м. Абляциясынын аянты 4,8 км2. Куралуу аймагы түштүгүнөн Боз- Кыр, чыгышынан Эңилчек, түндүгүнөн Кайыңды кырка тоолору м-н курчалат. Фирн бассейни кенен төрдө жайгашкан. Кайкы аркылуу Комсомол мөңгүсү м-н туташат. Мөңгүнүн төмөнкү бөлүгүндө жаракалар көп. Сол капталдан жүргөн кар көчкүлөр жаракаларды жаап турат. Мөңгүнү алгач 1902- ж-а 1903-ж. немис географы Г. Мерцбахер картага түшүргөн. Этеги шагыл таштар м-н корумдалган (1,5 км2дей жери). Мөңгүдөн Теректи суусу башталат. Мөңгү тартылууда. Мезгили м-н алдыга жылып кетүүчү мөңгүлөргө кирет.