КОЭРЦИТ КҮЧҮ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОЭРЦИ́Т КҮЧҮ (лат. coеrcitio – кармап туруу), к а р м а п т у р у у к ү ч ү – магниттик гистерезистин мүнөздөмөлөрүнүн бири. К. к. фер­ро­же ферримагниттик үлгүнү алгач толук ка­ныгууга чейин магниттеп, аны толук магнит­сиздендирүүгө керек магнит талаасынын чыңа­лышы Нс (к. Гистерезис). К. к. үлгүнүн магнит­телиши ж-а магнит индукциясы нөлгө барабар болуп айырмаланат. К. к. коэрцитиметр м-н өлчөнөт. Ферромагнетиктердин К. к. 103–104 Э (8.102 – 8.105 А/м ге чейин) болуп өзгөрөт.
К. к-нүн чоңдугуна карата магниттик матери­алдар магниттик жумшак (Нс кичине) ж-а маг­ниттик катуу (Нс чоң) болуп бөлүнөт. Үлгүдөгү кошулманын ж. б. кристалл торчосунун дефект­ти магниттик домен кыймылын кыйындатат ж-а ошону м-н бирге Нс ны чоңойтот. К. к-нүн жогорку мааниси (103–104 Э) бир домендүү фер­ромагниттик бөлүкчөдө алынат. Магниттик жумшак материалдан трансформатордун өзөк­чөсү, магниттик катуу материалдан турактуу магнит жасалат.