КОЭРЦИТ КҮЧҮ
КОЭРЦИ́Т КҮЧҮ (лат. coеrcitio – кармап туруу),
к а р м а п т у р у у к ү ч ү – магниттик гистерезистин мүнөздөмөлөрүнүн бири. Коэрцит кучу ферро- же ферримагниттик үлгүнү алгач толук каныгууга чейин магниттеп, аны толук магнитсиздендирүүгө керек магнит талаасынын чыңалышы Нс (к. Гистерезис). Коэрцит кучу үлгүнүн магниттелиши ж-а магнит индукциясы нөлгө бараба болуп айырмаланат. Коэрцит кучу коэрцитиметр м-н өлчөнөт. Ферромагнетиктердин коэрцит кучу 10–3–104 Э (8.10–2 – 8.105 А/м ге чейин) болуп өзгөрөт.
Коэрцит кучунүн чоңдугуна карата магниттик материалдар магниттик жумшак (Нс кичине) ж-а магниттик катуу (Нс чоң) болуп бөлүнөт. Үлгүдөгү кошулманын ж. б. кристалл торчосунун дефектти магниттик домен кыймылын кыйындатат ж-а ошону м-н бирге Нс ны чоңойтот. Коэрцит кучунүн жогорку мааниси (103–104 Э) бир домендүү ферромагниттик бөлүкчөдө алынат. Магниттик жумшак материалдан трансформатордун өзөкчөсү, магниттик катуу материалдан турактуу магнит жасалат.