КОШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
05:19, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШУУ , п л ю с – арифм. негизги амалдардын бири. Кошуунун жыйынтыгы сумма деп аталат.

а ж-а b cандарынын суммасы а + b аркылуу белгиленет. Мында а ж-а b – кошулуучулар деп аталат. К. амалы каалаган чыныгы сан же ком­плекстүү сан, о. эле векторлор ж. б. м-н аткары­лат. + белгиси м-н белгиленет, илимге 1489-ж. чех математиги Видман киргизген. К. амалы төмөнкүдөй касиеттерге ээ: эгерде a+b=c болсо, анда 1) (а+m)+b= c+m ж-а a+(b+m)= c+ m; 2) (а–m)+b=c–m ж-а a+(b–m)=c–m, мында m – ка­алагандай чыныгы сан.