КОШУУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШУУ, п л ю с – арифметикалык негизги амалдардын бири. Кошуунун жыйынтыгы сумма деп аталат. а ж-а b cандарынын суммасы а + b аркылуу белгиленет. Мында а ж-а b – кошулуучулар деп аталат. Кошуу амалы каалаган чыныгы сан же ком­плекстүү сан, ошондой эле векторлор ж. б. м-н аткары­лат. + белгиси м-н белгиленет, илимге 1489-ж. чех математиги Видман киргизген. Кошуу амалы төмөнкүдөй касиеттерге ээ: эгерде a+b=c болсо, анда 1) (а+m)+b= c+m ж-а a+(b+m)= c+ m; 2(а–m)+b=c–m ж-а a+(b–m)=c–m, мында m – ка­алагандай чыныгы сан.