КОШ АЯКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
10:39, 9 Январь (Үчтүн айы) 2026 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОШ АЯКТАР (Dipodidae) – сүт эмүүчүлөрдүн ке­мирүүчүлөр түркүмүндөгү тукуму.

Дене уз. 5 смден 26 смге, куйругунун уз. 7–30 смге жетет.
Жүнү кыска, жыш, ак, кара, күрөң, боз түстө. Эркек ургаачысы окшош. Көбүнүн арткы бутта­ры ал дынкысы­нан 3–4 эсе узун.
Башы, көзү чоң, кулагы узун. Эки буту м-н чуркап, секирип жүрүүгө (3 м аралыкка се­кирет) ыңгайлан­ган. 10–15 урууга кирген 27–30 түрү Евразия, Түн. Аф­рика ж-а Түн. Аме­риканын талаа, чөл, жарым чөлдөрүндө таралган. КМШ өлкө­лөрүндө 9–10 уруунун 17 түрү, Кырг-нда 4 түрү бар. К. а. жалгыздап, терең ийинде жашайт. Күүгүмдө ж-а түнкүсүн азыгын издейт. Жылына 1–2 жолу 2–8ди тууйт. Өсүмдүк данын, бакча өсүмдүктөрүн ж. б. жеп, зыян келтирет.