КОШ АЯКТАР
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОШ АЯКТАР (Dipodidae) – сүт эмүүчүлөрдүн кемирүүчүлөр түркүмүнүн тукуму.

Дене узундугу 5 смден 26 смге, куйругунун узундугу7–30 смге жетет.
Жүнү кыска, жыш, ак, кара, күрөң, боз түстө. Эркек ургаачысы окшош. Көбүнүн арткы буттары алдынкысынан 3–4 эсе узун.
Башы, көзү чоң, кулагы узун. Эки буту м-н чуркап, секирип жүрүүгө (3 м аралыкка секирет) ыңгайланган. 10–15 урууга кирген 27–30 түрү Евразия, Түндүк Африка ж-а Түндүк Американын талаа, чөл, жарым чөлдөрүндө таралган. КМШ өлкөлөрүндө 9–10 уруунун 17 түрү, Кыргызстанда 4 түрү бар. Кош аяктар жалгыздап, терең ийинде жашайт. Күүгүмдө ж-а түнкүсүн азыгын издейт. Жылына 1–2 жолу 2–8ди тууйт. Өсүмдүк данын, бакча өсүмдүктөрүн ж. б. жеп, зыян келтирет.