КИМАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
03:54, 31 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Temirkan (талкуу | салымы) тарабынан жасалган версия
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМАКТАР , к и м е к т е р – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы Гар­дизинин эмгегиндеги имек (имак), кытай хро­никаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» киме­кия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир эт­нос катары берилген ж-а теги жагынан кыпчак, кумандар м-н байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. 7 к­ылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агым­дарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш ж-а Борбордук Казак­стандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыр­гыздар м-н чектешип турганы айтылат. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байан­дур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруула­ры түзгөн. 740–840-жылдарда Уйгур кагандыгына ка­рап, ал кулагандан кийин өз алдынча каган­дык болуп калган.


Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007.