КИМАКТАР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КИМАКТАР, кимектер – орто кылымдагы түрк урууларынын бири. Кимактар этноними алгачкы жолу 8-кылымда эскерилген. Перс тарыхчысы Гар­дизинин эмгегиндеги (кара: Зайн ал-ахбар) имек (имак), кытай хро­никаларында яньмо, «Худуд ал-аламда» киме­кия (кимакия), М. Кашгариде йемектер бир эт­нос катары берилген жана теги жагынан кыпчак, кумандар менен байланышы бар болуп эсептелет. Кээ бир маалыматтарда отуз-татар, огуз-татар, огуз урууларынын бири катары берилген. VII к­ылымда Түндүк Алтайда, Иртыш дарыясынын ортоңку агым­дарында, 9–11-кылымдарда Чыгыш жана Борбордук Казак­стандын аймактарында жашап, түштүгүнөн кыр­гыздар менен чектешип турганы айтылат. Б. Э. Кумековдун пикиринде кимактар ​​(байыркы кытай тарыхында «янмо») 7-кылымдын башында Кобдо ойдуңунда (азыркы Моңголия) жашап, көп өтпөй (7-кылымдын орто чени) Алтай тоолорунун түндүгү, Иртыш аймактарын карай жылган жана 766–840-жылдары Батыш Алтай, Тарбагатай жана Алакөлдүн айланасын ээлеп турушкан. Ал эми Ж. М. Сабитовдун көз карашы боюнча кимактар Иртышта 10-кылымдын аягы – 11-кылымдын башы ченде пайда болгон. Кимактардын этностук курамын эймур, имак, татар, байан­дур, кыпчак (кыбчак), ланиказ, ажмад уруула­ры түзгөн. 740–840-жылдарда Уйгур кагандыгына ка­рап, ал кулагандан кийин өз алдынча каган­дык болуп калган.

Ад.: Материалы по истории кыргызов и Кыргыз­стана. Т. 1. Б., 2000; Кумеков Б. Е. Государство кима­ков IX–XI вв. по арабским источникам. А.-А., 1972; Хрестоматия по древней и средневековой истории Кыргызстана / Сост. Т. Д. Джуманалиев. Т. 1. Б., 2007; Сабитов Ж. М. К вопросу о происхождении кимаков. //Молодой ученый. 2015. № 10 (90).