КОРРАЗИЯ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
01:00, 29 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРРА́ЗИЯ (лат. corrado – сүргүлөө, жылмалоо, үшкүлөө, чиймелөө) – күчтүү шамалдан учкан кумдардын тоо тектердин бетин сүрүп жылма­лашы, чиймелеши. Дайыма бир багыттан согуу­чу күчтүү шамал кумдарды учуруп, тоо тектер­дин бетин тынымсыз ургулайт, сүргүлөйт, жы­шат, тегиздейт, чиймелейт, сыйрыйт. Натый­жада жылмаланган тегиз беттер же коңулдар, оюктар пайда болот.