КОРИАНДР
КОРИА́НДР (Coriandrum) – чатыр гүлдүүлөр тукумундагы эфир майлуу бир жылдык өсүмдүк. Сабагы (бийикт. 30–120 см) бутактанып өсөт.
Жалбырагы ичке, жара тилик, гүлү ак же күлгүн, саргыч, чатырча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү тоголок данча (экиден). Сортуна жараша данында 0,2–1,4% эфир 16–28% май заттары бар. Көп
жерде эгилет. КМШ өлкөлөрүнүн Борб. кара топурактуу аймагында, Волга боюнда, Кавказ ж-а Украинада өстүрүлөт. Вегетация мезгили
110–125 күн, уругу 8–10°С жылуулукта өсүп
чыгат. К-дын майынан парфюмерия, кондитер ж. б. ө. ж. тармактарында колдонулуучу жыттуу зат алынат. Майы техникада да керектелет. Жаш өсүмдүгү м-н мөмөсү татымал катары тамак-ашка (кинза) ж-а тоютка пайдаланылат. Зыянкечтери: К. урук жегичи; илдеттери: бактериоз, ламуляриоз ж. б.