КОРИАНДР

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРИА́НДР (Coriandrum) – чатыр гүлдүүлөр ту­кумундагы эфир майлуу бир жылдык өсүмдүк. Сабагы (бийиктиги 30–120 см) бутактанып өсөт. Жалбырагы ичке, жара тилик, гүлү ак же күл­гүн, саргыч, чатырча топ гүлгө чогулган. Мөмөсү тоголок данча (экиден). Сортуна жараша данын­да 0,2–1,4% эфир,16–28% май заттары бар. Көп жерде эгилет. КМШ өлкөлөрүнүн Борбордук кара топурактуу аймагында, Волга боюнда, Кавказ ж-а Украинада өстүрүлөт. Вегетация мезгили 110–125 күн, уругу 8–10°С жылуулукта өсүп чыгат. Кориандрдын майынан парфюмерия, кондитер ж. б. өнөр жавй тармактарында колдонулуучу жыт­туу зат алынат. Майы техникада да керекте­лет. Жаш өсүмдүгү м-н мөмөсү татымал катары тамак-ашка (кинза) ж-а тоютка пайдаланылат. Зыянкечтери: кориандр урук жегичи; илдеттери: бак­териоз, ламуляриоз ж. б.