КОРЕЙ СОГУШУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
14:23, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата Kadyrm (талкуу | салымы) (1 версия) тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОРЕЙ СОГУШУ – 1950–53-ж. Түш. ж-а Түн.
Кореянын ортосундагы согуш. Түн. Корея Кы­тай ж-а СССР м-н Түн. коалицияны, Түш. Ко­рея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер м-н Түш. коалицияны түзгөн. 1910–45-ж. Ко­рея Япониянын колониясы болгон. 1945-ж. ав­густта СССР Корей ж. а-нын түн. аймактарына, АКШ түш. аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-ж. декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу б-ча келишим түзүлгөн. Түш. Кореяда Ли Сын Ман баш бол­гон антикоммунисттик өкмөт, Түн. Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүл­гөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрү­нүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин орто­сунда башталган кансыз согуш Корей ж. а-нда­гы абалды өзгөрттү. 1950-ж. 25-июнда Түн. Ко­реянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түш. Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түн. Кореянын куралдуу күчтөрү Түш. Кореяга кара­ганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түш. Кореяга АКШ ж-а ООНго кир­ген айрым мамлекеттер жардам бере баштаган­дыктан, Түш. Корея күч ала баштаган. 1950-ж. 20-октябрда түш. кореялык күчтөр Корей Эл­дик Демокр. Респ-нын (КНДР) борбору – Сеул ш-н алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн ки­йин, Түн. Корея союздаштарынан ажырап, со­гуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден өтүп, чийимдин тегереги демилитаризациялан­ган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек ара­ны түн. жагынан КНДР аскерлери ж-а түш. ай­мактарын түш. кореялык ж-а амер. аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түш. Корея­да АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.