КОРЕЙ СОГУШУ
КОРЕЙ СОГУШУ – 1950–53-ж. Түш. ж-а Түн.
Кореянын ортосундагы согуш. Түн. Корея Кытай ж-а СССР м-н Түн. коалицияны, Түш. Корея АКШ, Улуу Британия ж. б. мамлекеттер
м-н Түш. коалицияны түзгөн. 1910–45-ж. Корея Япониянын колониясы болгон. 1945-ж. августта СССР Корей ж. а-нын түн. аймактарына, АКШ түш. аймактарына кирип, Кореяны экиге бөлүшкөн. 1945-ж. декабрда АКШ м-н СССРдин ортосунда Кореяны башкаруу б-ча келишим түзүлгөн. Түш. Кореяда Ли Сын Ман баш болгон антикоммунисттик өкмөт, Түн. Кореяда Ким Ир Сен жетектеген коммунисттик өкмөт түзүлгөн. Кореянын экиге бөлүнүшү убактылуу көрүнүш катары эсептелип, АКШ м-н СССРдин ортосунда башталган кансыз согуш Корей ж. а-ндагы абалды өзгөрттү. 1950-ж. 25-июнда Түн. Кореянын аскерлери СССРдин колдоосу м-н Түш. Кореяга кол салган. Согуштун башталышында СССР м-н Кытайдын колдоосу аркылуу Түн. Кореянын куралдуу күчтөрү Түш. Кореяга караганда басымдуулук кылган, бирок кийинки жылдары Түш. Кореяга АКШ ж-а ООНго кирген айрым мамлекеттер жардам бере баштагандыктан, Түш. Корея күч ала баштаган. 1950-ж. 20-октябрда түш. кореялык күчтөр Корей Элдик Демокр. Респ-нын (КНДР) борбору – Сеул
ш-н алган. 1951-жылдын июнь айында согуш оор абалга келген. 1953-ж. Сталин өлгөндөн кийин, Түн. Корея союздаштарынан ажырап, согуш аяктаган. Фронттун чеги 38-параллелден
өтүп, чийимдин тегереги демилитаризацияланган зона (ДМЗ) деп жарыяланган. Бул чек араны түн. жагынан КНДР аскерлери ж-а түш. аймактарын түш. кореялык ж-а амер. аскерлер кайтарат. Бүгүнкү күнгө чейин эки тараптан тең тынчтык келишим түзүлгөн эмес ж-а Түш. Кореяда АКШ өзүнүн аскер күчтөрүн кармап турат.