КОПЕНГАГЕН
КОПЕНГА́ГЕН – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгинде, Зеландия ж-а Амагер а-нда жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агломерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань) тур-

гун жайы катары эскерилет. 1167-ж. епископ Абсалон аны айланта сепил ж-а чеп курдурткан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жылдан 1416-ж. чейин (үзгүлтүк м-н) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. К. 1254-ж. шаар статусун алган. 1443-жылдан король резиденциясы. 20-к-да К. ири ө. ж-лык борборго айланган. 1940-ж. апрелде немис фашисттер басып алган, бирок 1945-ж. 5-майда бошотул
ган. К. – Даниядагы гана эмес Скандинавия өлкөлөрүндөгү эң ири соода-ө. ж. борбору. Машина ж-а станок куруу, металл иштетүү, электртех., хим., фарфор, текстиль, тигүү ө. ж. ишканалары иштейт. Ун-ттер, тех. жогорку мектеп, ветеринария ж-а а. ч. король жогорку мектеби, консерватория, инж., музыка, иск-во академиялары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук ж. б.) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (скульптура топтому) бар. Шаардын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөздүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (17-к.), Кристиансборг (18-к.) ак сарайлары сакталган.