КОПЕНГАГЕН

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОПЕНГА́ГЕН – Дания Королдугунун борбору (1443-жылдан). Эресунн булуңунун оң жээгин­де, Зеландия жана Амагер аралдарында жайгашкан. Калкы 600,0 миң (2003; Чоң Копенгаген агло­мерациясында 1,5 млн; өлкөнүн калкынын 30%и). Алгач 1043-жылдан Хавн (гавань)

тургун жайы катары эскерилет. 1167-жылы епископ Абсалон аны айланта сепил жана чеп курдурт­кан. 1170-жылдан Копенгаген аталат. 1186-жыл­дан 1416-жылга чейин (үзгүлтүк менен) Роскилльск епископтугунун курамында болгон. Копенгаген 1254-жылы шаар макамын алган. 1443-жылдан король ре­зиденциясы. XX кылымда Копенгаген ири өнөр жайлык борборго айланган. 1940-жылы апрелде немис фашисттери басып алган, бирок 1945-жылы 5-майда бошотулган.

Копенгаген – Даниядагы гана эмес Скандинавия өл­көлөрүндөгү эң ири соода-өнөр жай борбору. Маши­на жана станок куруу, металл иштетүү, электр­техникалык, химия, фарфор, текстиль, тигүү өнөр жай ишка­налары иштейт. Университеттер, техникалык жогорку мектеп, ветеринария жана айыл чарба король жогорку мектеби, консерватория, инженердик, музыка, искусство академия­лары, калк китепканасы, көптөгөн музейлер (сүрөт, улуттук жана башка) театрлар, Карлсберг жаңы глиптотекасы (айкел топтому) бар. Шаар­дын эски бөлүгүнө кууш ийри көчөлөр мүнөз­дүү. Биржа, Росенборг аңчылар, Шарлоттенборг (XVII кылым), Кристиансборг (XVIII кылым) ак сарайлары сак­талган.

Амалиенборг ак сарай комплекси. 1749. Архитекторлор Н. Жарден, Н. Эйтвед