КОҢОРЧОК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢОРЧОК (Halimodendron) – өсүмдүктөрдүн ча­нактуулар тукумундагы уруусу. Бийикт. 2 мге жеткен бадал. Жалбырагы жуп, канаттай. Жал­бырак огунун учу ж-а жан жалбыракчасы ти­кенек түрүндө. Гүлдөрү мала кызыл же кызгылт, көгүш, ак, топ гүлү – чачыдай. Мөмөсү – чанак.
Уругу күрөң, формасы бөйрөктөй, К. Иранда, Моңголиянын түн.-батышында, Европада, Кав­казда кездешет. Кырг-ндын бардык аймактары­нын тоо этегинде, көл, өзөн боюндагы шор то­пурактуу жерде өсөт. Тамырында сары түскө боёчу пигменти бар. Токой тилкелерин өстүрүүдө ж-а кооз өсүмдүк катары айрым аймактарда өстүрүлөт.