КОҢОРЧОК 1

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОҢОРЧОК (Halimodendron) – өсүмдүктөрдүн ча­нактуулар тукумундагы уруусу. Бийиктиги 2 мге жеткен бадал. Жалбырагы жуп, канаттай. Жал­бырак огунун учу ж-а жан жалбыракчасы ти­кенек түрүндө. Гүлдөрү мала кызыл же кызгылт, көгүш, ак, топ гүлү – чачыдай. Мөмөсү – чанак.
Уругу күрөң, формасы бөйрөктөй, Коңорчок Иранда, Моңголиянын түндүк - батышында, Европада, Кав­казда кездешет. Кыргызстандын бардык аймактары­нын тоо этегинде, көл, өзөн боюндагы шор то­пурактуу жерде өсөт. Тамырында сары түскө боёчу пигменти бар. Токой тилкелерин өстүрүүдө ж-а кооз өсүмдүк катары айрым аймактарда өстүрүлөт.