КОНЬКИ СПОРТУ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
08:18, 28 Декабрь (Бештин айы) 2025 карата vol4>KadyrM тарабынан жасалган версия
(айырма) ← Мурунку нускасы | Соңку нускасы (айырма) | Жаңыраак нускасы → (айырма)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

КОНЬКИ́ СПОРТУ – кышкы спорт түрлөрүнүн бири. Анын коньки м-н тез (муз үстүндө) чуркоо ж-а фигуралык муз тебүү деген түрлөрү бар. Азыркы К. с-нда эркектер үчүн 500, 1000, 1500, 5000, 10000 м, аялдар үчүн 500, 1000, 1500, 3000 м чуркоо аралыгы белгиленген. 1-жолу К. с-нун коому Норвегияда 1864-ж. түзүлүп, ал­гачкы мелдеш 1882-ж. Венада өткөрүлгөн. Конь­киде тез чуркоо б-ча эл аралык мелдеш 1890-ж. Россияда уюштурулуп, 1892-ж. эл аралык сою­зу түзүлгөн. 1893-жылдан эркектер арасында Ев­роп. ж-а дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. 1924- жылдан кышкы Олимпия оюндарына кирги­зилген. Кырг-нда К. с. б-ча алгачкы мелдеш 1929-ж. Караколдо өткөрүлгөн.