КОНЬКИ СПОРТУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
КОНЬКИ́ СПОРТУ – кышкы спорт түрлөрүнүн бири. Анын коньки м-н тез (муз үстүндө) чуркоо ж-а фигуралык муз тебүү деген түрлөрү бар. Азыркы коньки спортунда эркектер үчүн 500, 1000, 1500, 5000, 10000 м, аялдар үчүн 500, 1000, 1500,3000 м чуркоо аралыгы белгиленген. 1-жолу коньки спортунун коому Норвегияда 1864-ж. түзүлүп, алгачкы мелдеш 1882-ж. Венада өткөрүлгөн. Конькиде тез чуркоо боюнча эл аралык мелдеш 1890-ж. Россияда уюштурулуп, 1892-ж. эл аралык союзу түзүлгөн. 1893-жылдан эркектер арасында Европалык ж-а дүйнөлүк чемпионат өткөрүлөт. 1924- жылдан кышкы Олимпия оюндарына киргизилген. Кыргызстанда коьки спорту боюнча алгачкы мелдеш 1929-ж. Караколдо өткөрүлгөн.